Мамкызматкерлердин кирешелери тууралуу маалыматтар жарыялана баштады - МСК

Экономика 0

Бишкек, 06.11.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы (МСК) Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө” Мыйзамына ылайык, Бирдиктүү салык декларациясын тапшырган мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын кирешелери, чыгымдары жана мүлкү тууралуу жыйынды маалыматтарды өзүнүн расмий сайтына жарыялай баштады.

МСКнын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, мыйзамга ылайык, иши улуттук коопсуздукту камсыздоо менен байланышкан административдик мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген адамдарды кошпогондо, саясий, атайын, жогорку административдик мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдардын, ошондой эле, алардын жакын туугандарынын кирешелери, чыгымдары жана мүлкү тууралуу маалыматтар жарыяланууга тийиш.

Маалыматтар МСКнын www.sti.gov.kg сайтында “Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды декларациялоо” рубрикасында декларациянын формаларын иштеп чыгуу чараларына жараша жайгаштырылмакчы.

Пикир

Оставить комментарий