• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Таластагы “Бала-Саруу” ГЭСинин биринчи агрегаты 22-декабрда ишке берилет

Экономика 0

Бишкек, 14.07.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Таластагы “Бала-Саруу” ГЭСинин биринчи агрегаты ушул жылдын 22-декабрында ишке берилет. Бул тууралуу энергетика министри Доскул Бекмурзаев министрлер кабинетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, аталган ГЭСтин курулушуна австриялык компания тарабынан 2 млн евродон ашык каражат которулду.

“Талас облусундагы “Бала-Саруу” ГЭСинин 5 мегаваттык (МВт) биринчи агрегаты ушул жылдын 22-декабрында ишке берилет. 2023-жылдын 1-апрелинде калган эки агрегаты бүткөрүлүп, толугу менен иштей баштайт”, - деди министр.

“Бала-Саруу” ГЭСин куруу долбоору жалпы кубаттуулугу 25 мегаватт болгон үч генераторлуу ГЭСтин курулушун ичине камтыйт. Ал жылдык орточо 92 миллион кВт саат электр энергиясын өндүрөт.

Эскерте кетсек, 2021-жылдын 29-августунда президент Садыр Жапаров Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Киров суу сактагычында”Бала-Саруу” жаңы ГЭСинин курулушуна капсула салган.

Белгилей кетсек, иш-чарада 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө министрлер кабинетинин отчету угулууда.

Пикир

Оставить комментарий