• 87
  • 90.55
  • 0.84

Мамлекет арзан жана сапаттуу көмүр менен камсыздап, элге чоң жардам кылууда – Буруков

Аймак 0


Бишкек, 19.12.24. /Диана Айдарова - Кабар/. Быйыл Кыргызстанда калкты арзан жана сапаттуу көмүр менен камсыз кылуу боюнча иш-аракеттер жогорку деңгээлде ишке ашууда.

“Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы республиканын аймагында жалпы 75 көмүр кампасын уюштурду. Алардын ичинен Чүй облусунда 14 кампа иштеп жатат.

Жайыл районунун Кара-Балта шаарынын тургуну Байыш Буруков быйыл элде көмүр боюнча кыйынчылык болбогонун белгиледи.

“Мамлекет арзан жана сапаттуу көмүр менен камсыздап, элге чоң жардам кылууда. Эл өнүксө, мамлекет өнүгөт”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий