• 87
  • 90.41
  • 0.84

Мамлекетке зыян келтирген кызмат адамдарына прокуратуранын чара көрүүсү көңүл бурууга арзыйт – Садыр Жапаров

Президент 0

Бишкек, 22.11.24. /Кабар/. Мыйзамды бузуп, мамлекетке зыян келтирген кызмат адамдарына карата прокуратуранын иштиктүү чара көрүүсү көңүл бурууга арзыйт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кыргызстандын прокуратура органдарынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада билдирди.

Мамлекет башчысы белгилегендей, кылмыштуулукка, анын ичинде коррупцияга каршы тынымсыз күрөш жүргүзүү коомдо мыйзамдын күчүнө жана адилеттикке болгон ишенимди жаратты.

“Прокурордук көзөмөлдүн так жүргүзүлүшү менен бүгүнкү күндө жеке ишкерлердин мыйзамдуу кызыкчылыктары ишенимдүү корголууда десек болот. Ошол эле учурда бюджеттен уурдалган миллиондор мамлекетке кайтарылууда”, - деди президент.

Ошондой эле Садыр Жапаров Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегия бекитилгенин айтты. Документ 2025-2030-жылдарга карата мамлекеттик органдар тарабынан коррупциянын алдын алуунун натыйжалуу механизмдерин колдонуу жана коррупцияны минималдаштыруу боюнча туруктуу натыйжаларга жетүүгө багытталган чараларды ишке ашыруу максатын көздөйт.

Пикир

Оставить комментарий