• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жеңиштин 77 жылдыгына карата ардагерлерге 100 миң сомдон бөлүнөт

Президент 0

Бишкек, 27.04.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине бир жолку материалдык жардам көрсөтүү үчүн каражат бөлүү жөнүндө тескемеге кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

2022-жылдын 1-февралына карата Кыргыз Республикасындагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин жалпы саны 107 адамды түзөт.

Тескемеге ылайык, 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 77 жылдыгынын урматына Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин төмөнкү категорияларына 100 миң сом өлчөмүндө бир жолку материалдык жардам көрсөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына Кыргыз Республикасынын Президентинин фондунан 10 млн 807 миң сом бөлүү тапшырылат:

– Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарына;

– Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына;

– Экинчи дүйнөлүк согуш мезгилинде фашисттер жана алардын союздаштары тарабынан түзүлгөн концлагерлердин, геттолордун жана башка мажбурлап кармоо жайларынын мурдагы жашы жете элек туткундарына;

– 1941-жылдын 8-сентябрынан тартып 1944-жылдын 27-январына чейинки блокада мезгилинде Ленинград шаарынын ишканаларында, мекемелеринде жана уюмдарында иштеген жана “За оборону Ленинграда” медалы менен сыйланган адамдарга жана “Жителю блокадного Ленинграда” белгиси менен сыйланган адамдарга.

Мындан тышкары, 9-майга карата жогоруда аталган категориядагы адамдарга 20 миң сом өлчөмүндө жыл сайын кошумча бир жолку акчалай жөлөкпул, ошондой эле эсептик көрсөткүчтүн алты эселенген өлчөмүндө жана төрт эселенген бир жолку акчалай жөлөкпулдарды алышат.

Пикир

Оставить комментарий