• 87.45
  • 90.89
  • 0.89

Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы жетекчисине 1 млн сом айып салынды

Коом 0

Бишкек, 15.09.22. /Кабар/. Сот Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы жетекчиси Адилет Кубанычбековду күнөөлүү деп тапты.

Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдиргендей, 2022-жылы 28-апрелде К.А.К. КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган кылмыш белгилери боюнча күнөөлүү деп табылып, ага 1 млн сом айып салынган.

Эскерте кетсек, УКМК Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы төрагасы Адилет Кубанычбековго козголгон иштин алкагында

жеңилдетилген шарттарда товарларды алып келүүгө катышкан жеке компаниялардын кызыкчылыктарын лоббирлөө фактыларын аныктаган. түзүлүп, бажылык тариздөө мыйзамды одоно бузуу менен жүргүзүлүп, системалуу түрдө пара алуу үчүн бажы администрациясынан товарларды жашыруу схемалары колдонулууда.

Эске салсак, УКМК Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы төрагасы Адилет Кубанычбековго карата козголгон иштин алкагында жеңилдетилген товарларды алып келүүгө катышкан жеке компаниялардын кызыкчылыктарын лоббирлөө, ал эми бажылык тариздөө мыйзамды одоно бузуу менен жүргүзүлүп, системалуу түрдө пара алуу үчүн бажы администрациясынан товарларды жашыруу схемалары колдонулуп келгени боюнча фактылар аныкталган.

Мындан тышкары, акыркысы жеке баюу максатында мамлекеттин кызыкчылыгынын артына жашынып, туунду компаниялар тарабынан тышкы экономикалык иштин субъекттери үчүн бажы кызмат көрсөтүүлөрүнүн баасын негизсиз ашыра баалаган.

Тергөөнүн жүрүшүндө Кубанычбеков мамлекетке 51 миллион 220 миң сом өлчөмүндө зыяндын ордун толтурган, ошондой эле кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча аныкталган фактыларды мойнуна алып, ага байланыштуу А.Кубанычбековдун баш коргоо чарасы үй камагына өзгөртүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий