• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Ош шаарында “Түштүк Экспо – 2022” көргөзмө-жарманкеси башталды

Аймак 0

Бишкек, 15.09.22. /Кабар/. Бүгүн, 15-сентябрда Ош шаарындагы Султан Ибраимов атындагы драма театрында “Түштүк Экспо – 2022” Эл аралык көзгөзмө-жарманкеси өтүп жатат. Бул тууралуу мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, анын ачылышына КР министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Беларустун вице-премьер-министри Анатолий Сивак баштаган делегация, Ош шаарынын биринчи вице-мэри Марс Исаев, президенттин Ош облусундагы өкүлү Зияйдин Жамалдинов, КР соода-өнөр жай палатасынын ага вице-президенти Роман Касымов жана ишкерлер катышты.

Бакыт Төрөбаев бул иш-чаранын соода жүгүртүү тармагындагы маанисине токтолуп, көргөзмө ата-мекендик жана чет өлкөлүк өндүрүшчүлөр үчүн бизнес аянтча катары чоң салым кошоорун белгиледи.

“Түштүк Экспо – 2022” көргөзмө-жарманкеси эл аралык соода экономикалык мамилелерди өнүктүрүү, жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн товарларын экспорттоого көмөктөшүү менен сырттан инвестиция тартууну көздөйт.

Иш-чарага жалпысынан Кыргызстандын 7 облусунан 40тан ашык жана башка өлкөлөрдөн 50дөн ашуун компаниялар катышууда. Көргөзмө-жарманке 15-16-сентябрь күндөрү өтөт.

Пикир

Оставить комментарий