• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагалыгына Самат Исабеков дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 20.01.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын жамаатына жаңы төрага Самат Исабековду тааныштырды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Арзыбек Кожошев белгилегендей, Мамлекеттик бажы кызматынын жаңы жетекчисине чоң жоопкерчилик көрсөтүлүүдө, аны актоо зарыл.

Белгилесек, министрлер кабинетинин башчысынын буйругу менен Самат Исабеков Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалган.

Пикир

Оставить комментарий