• 87
  • 90.41
  • 0.84

Мамлекеттик гимн өзгөртүлөт деп дүрбөлөңгө түшүүгө негиз жок – Аскат Алагөзов

Коом 0

Бишкек, 25.10.24. /Кабар/. Мамлекеттик гимн өзгөртүлөт деп дүрбөлөңгө түшүүгө негиз жок, - деп жазды президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасына.

"Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин бүгүн парламенттеги иш-чара жүрүшүндө: “Гимнди кабыл алганда Советтер Союзунан чыккан убак болгон. Азыр биз бутуна толук турган, кадыресе өнүгүү жолуна түшкөн мамлекетпиз. Ошол үчүн биз гимнди өзгөртүшүбүз керек. Бардык кыргыз эли ырдай турган гимн болушу керек”,- деген билдирүүсүн спикердин жеке пикири катары гана кабыл алуу керек деп эсептейбиз", - деди ал.

Анын айтымында, анткен менен бул пикир коомчулукта, социалдык тармакта азыр эле кызуу талкууга жол ачты.

"Эгерде мамлекеттик гимнди өзгөртүү демилгеси көтөрүлө турган болсо, анда анын сөзүнө, музыкасына сөзсүз түрдө ачык сынак жарыяланып, ага акындар, жазуучулар, композиторлор, философтор, айтор мамлекетибиздин гимнин ийине жеткире иштеп чыгууга дараметим жетет дегендер катышып, алардын иши калктын көпчүлүк катмарынын колдоосуна ээ болушу керек.

Бул болсо бир топ убакытты алат. Андыктан азыр гимн өзгөрөт экен деп дүрбөлөң түшүүгө негиз жок.

Көпчүлүк эл колдобосо азыркы гимнибизди өзгөртүүгө деле зарылдык болбойт", - деп жазды ал.

Пикир

Оставить комментарий