• 87
  • 90.41
  • 0.84

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын уставдык капиталына 2025-жылга 12 млрд сом каралды

Экономика 0

Бишкек, 14.11.24. /Кабар/. Мамлекеттик ипотекалык компаниянын уставдык капиталына 2025-жылга 12 млрд сом каралды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Акылбек Жапаров белгилегендей, уюмдун уставдык капиталы 26,2 миллиард сомго чейин көбөйтүлдү, 2025-жылга дагы 12 миллиард сом каралды. Алдыдагы үч жылда Мамлекеттик ипотекалык компания 29 миллиард сом бөлөт.

"Биз ар бир жарандын турак жайы болушу үчүн президенттин кыялын ишке ашырып жатабыз. Мамлекеттик ипотекалык компаниянын уставдык капиталы 26,2 миллиард сомго чейин көбөйтүлүп, 2025-жылга дагы 12 миллиард сом каралган. Алдыдагы үч жылда Мамлекеттик ипотекалык компания 29 миллиард сом бөлөт, бирок бул каражаттар кайтарылууга тийиш, башкача айтканда компаниянын активдери ушул суммага көбөйөт. Республика боюнча 40 035 батирдин курулушу жүрүп жатат", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий