• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

МИКтин жаңы филиалында калкты тейлөө жана сатуу бөлүмдөрү иштейт

Коом 0

Бишкек, 21.01.25. /Мээрим Дүйшөналиева - Кабар/. Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жаңы филиалында калкты тейлөө жана сатуу бөлүмдөрү иштейт. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниянын Калкты тейлөө бөлүмүнүн башкы адиси Мырзагүл Сардарбекова билдирди.

Анын айтымында, Мамлекеттик ипотекалык компаниянын башкы кеңсесине кайрылган жарандардын саны өсүп жаткандыктан, Бишкек шаарында жаңы өкүлчүлүк ачууга туура келди.

"Бул филиалыбыз Бишкек шаарынын түштүк тарабында жайгашкандыктан жогорку жактагы кичи райондорунун жана Чүй облусунун жакынкы айылдарынын тургундары үчүн ыңгайлуу болот. Анткени Чыңгыз Айтматов проспектисиндеги башкы кеңсебизге келген жарандардын саны күн сайын миңден ашып жатат. Жакында эле Мамлекеттик ипотекалык компания турак жайларды бергендигине байланыштуу бизге маалымат алуу үчүн келгендердин саны жогорулады. Эми бул кеңсебизге кайрылган ар бир жарандын кызыктырган суроолоруна мында иштеген 15 кызматкер жооп берет", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий