Бишкек, 12.12.24. /Кабар/. Мамлекеттик ишмер, юридика илимдеринин доктору, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи Асанбек Шаршеналиев 85 жашында дүйнөдөн кайтты.
Асанбек Шаршеналиевич Нарын облусунун Жумгал районунун Кызыл-Туу айылында туулган. Анын өлкөнүн укук системасынын калыптанышына жана өнүгүшүнө кошкон салымын баалабай коюуга мүмкүн эмес. Өмүрүн мыйзамдуулукка жана акыйкаттыкка кызмат кылууга арнап, эң маанилүү мамлекеттик кызматтарды аркалап, Конституциялык соттун төрагасы, Башкы прокурор, улуттук университетинин Юридикалык институтунун директору болуп эмгектенген.
Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 13-декабрда Бишкек шаары, Бакаева көчөсү, 89/3 дарегинде өтөт.
Кабар маалымат агенттигинин жалпы жамааты Асанбек Шаршеналиевдин үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.
Пикир
Оставить комментарий