Мамлекеттик ишмердүүлүгүңүзгө ийгиликтерди каалайм. Түркмөнстандын президенти Садыр Жапаровду куттуктады

Саясат 0

Бишкек. 06.12.23./Кабар/. Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов Кыргызстандын мамлекет башчысы Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады.

"Сиздин жетекчилигиңиз астында Кыргыз Республикасы саясий, экономикалык, социалдык жана башка чөйрөлөрдө олуттуу ийгиликтерге жетишкендиги кубандырат. Бүгүнкү күндө биздин өлкөлөрдүн ортосундагы мамилелер динамикалуу өнүгүүдө жана ырааттуу түрдө жаңы мазмун менен толукталууда. Сиздин жеке көңүл бурууңузга жана биздин мамлекеттер аралык мамилелердин өнүгүшүнө кошкон зор салымыңыз үчүн ыраазычылык билдирем.

Сизге, урматтуу Садыр Нургожоевич, чын дилимден чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакубатчылык жана бакыт-таалай, ошондой эле Сиздин жоопкерчиликтүү мамлекеттик ишмердүүлүгүңүзгө зор ийгиликтерди каалайм", - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Пикир

Оставить комментарий