• 87
  • 90.59
  • 0.86

Мамлекеттик катчы бир катар билим берүү мекемелеринин окуучулары үчүн ачык сабак өттү

Коом 0

Бишкек, 27.11.24. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов бир катар билим берүү мекемелеринин окуучулары үчүн ачык сабак өттү.

Белгилүү болгондой, Касмамбетов ачык сабакты адеп-ахлактуулук жана салттуу баалуулуктарды сактоо темасында Ч.Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайынын, М.Абдраев атындагы Республикалык атайын музыкалык орто мектеп-интернатынын жана С.Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт окуу жайынын окуучуларына өттү.

Ачык сабактын жүрүшүндө ал күчтүү жана гүлдөп-өнүгүп жаткан коомдун негизи катары улуттук баалуулуктарды сактоонун жана өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Мамлекеттик катчы белгилегендей, музыка, бий жана көркөм сүрөт искусствосу улуттук иденттүүлүктүн ажырагыс бөлүгү жана жаш муундун дүйнө таанымын калыптандырууда башкы ролду ойнойт.

Сүйүнбек Касмамбетов окуучуларды маданият жана искусство жаатында алып жаткан билими менен сыймыктанууга чакырып, ар бир өлкөнүн экономикасында чыгармачыл кесиптердин мааниси зор экенин баса көрсөттү.

Мамлекеттик катчы ошондой эле салттуу кыргыз баалуулуктарынын жана муундан муунга берилген жүрүм-турум ченемдеринин улуттук биримдиктин жана туруктуу өнүгүүнүн өзөгү катары маанилүүлүгүнө көңүл бурду. Ал бул баалуулуктарды сактоо жана чыңдоо заманбап дүйнөдөгү Кыргызстандын өнүгүшүнүн ачкычы болуп саналарын баса айтты.

Пикир

Оставить комментарий