• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

Мамлекеттик катчы ”Ордо Сахна” этнофольклордук тобунун чыгармачылык кечесине катышты

Маданият 0


Бишкек, 04.05.23. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бишкектеги Чыңгыз Айтматов атындагы Кино үйүндө “Ордо Сахна” фольклордук-этнографиялык ансамблинин чыгармачылык кечеси болуп, этномузыка жандуу аткарылды.

Бир саатка созулган этно-жаз музыканы угууга мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов, мадания, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев, Жусуп Абдрахманов атындагы президентке караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору Алмаз Акматалиев, бир катар маданият кызматкерлери жана музыка сүйүүчүлөрү келишти.

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов “Ордо Сахна” фольклордук тобуна кенен жана улуу жолду каалап, эмгек жамаатка ыраазычылыгын билдирип кетти.

“Бүгүн биз эч кандай электр жабдыктары пайдаланылбай аткарылган нукура кыргыз күүсүн уга алдык. Аябай керемет дүйнөгө кирип чыктык. “Ордо Сахна” бекеринен дүйнө кыдырып, бизди даңазалап жүргөн эместигин далилдешти. Унутта калган күүлөрдү түпкүрүнөн алып чыгып, угармандарга жеткиргендигине абдан ыраазы болдум”, - дейт Касмамбетов.

Сөзүнүн жыйынтыгында мамлекеттик катчы “Ордо Сахна” фольклордук-этнографиялык тобун колдоого алыш керектигин белгилеп өттү.

Иш-чарада ошондой эле улуттук кийимдердин этно коллекциясы келген көрүүчү-угармандарга тартууланды.

Ж.Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору Алмаз Акматалиев кыргыздын кылымдардан бери келе жаткан руханий байлыгын чакан топ элге тартуулап жатканына кубанды.

“Бүгүнкү концерттен кийин сүйлөгүң дагы келбейт, ойго батасың, кыргыздын тарыхы көз алдыңа келет экен. Байыркы жана улуу эл экенибиз, анын басып өткөн жолун ушундай фольклордук топтор элге тартуулоо менен чоң миссияны аткарып жүрөт. Мен ушуга баа берем. Кыргыздын тарыхын даңазалап жаткан чакан же чоң топтор болобу колдоого алыш керек.

Сүйүнбек Касмамбетовдун бүгүнкү иш-чарага келиши мамлекет тарабынан кандайдыр бир деңгээлде колдоо болуп жатканынан кабар берет”, - деди Акматалиев.


♦Белгилей кетсек, “Ордо Сахна” фольклордук-этнографиялык тобу 24 жылдан бери кыргыздын улуттук музыкасын бир гана өлкө ичинде эмес, дүйнө жүзүнө тартуулап, таанытып келет. Фольклордук топ түптөлгөндөн бери 100дөн ашык чыгарма жаратып, алты альбом чыгарган.

Пикир

Оставить комментарий