• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Ошто "Социалдык келишим" долбоору максаттуу ишке ашууда

Аймак 0

Бишкек, 04.05.24.Кабар/. Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов “социалдык келишим” долбооруна катышкан шаар тургундарынын ишмердүүлүгү менен жеринен барып таанышып, суроо талаптарын укту. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Долбоорго катышкан үй-бүлөлөр негизинен мал чарбачылыгы, кийим тигүү, соода-сатык, тамак-аш жана такси кызматын көрсөтүү, тейлөө багытында чакан бизнес долбоорлорду ишке ашырып, жолго коюшкан.

Жолугушууда шаар башчысы долбоорду ишке ашырууда жергиликтүү бийлик тарабынан ар тараптуу колдоо көрсөтүүлөрүн белгиледи.

Ошондой эле ишкердик багытында натыйжа көрсөтө алгандарга мамлекет тарабынан жеңилдетилген пайызсыз насыя алуу мүмкүнчүлүгү бар экендиги түшүндүрүлдү.

Эскерте кетсек, буга чейин жакыр жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоонун жагымдуу шарттарын түзүүгө жана аларды турмуштук оор кырдаалдан чыгуу боюнча активдүү аракеттерге шыктандырууга, эмгектик потенциалынын ишке ашырылышына көмөк көрсөтүүгө, жакыр жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү өз алдынча иш менен камсыз кылуу үчүн министрлер кабинетинин тотомунун негизинде Ош шаарындагы 50 үй-бүлөгө социалдык контракт долбоорунун алкагында жүз миң сомдон акча каражаты берилген.

Пикир

Оставить комментарий