• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Баткенде Кыргызстанга мыйзамсыз алынып келе жаткан 40 баш кой кармалды

Аймак 0

Бишкек, 06.11.20. /Кабар/. Баткенде Кыргызстанга мыйзамсыз алынып келе жаткан 40 баш кой кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 6-ноябрь күнү чек арачылар Лейлек районунун Ак-Арык жергесинде өткөрмө бекетинен тышкары Тажикстандан Кыргызстанга бара жаткан Mercedes-Benz 817 унаасын көрүп, токтотушкан. Унааны текшерүү учурунда анын жүк бөлүгүндө 40 баш кой (гиссар койлору) аныкталган. Койлорду ташып бара жаткан Кыргызстандын жарандарында уруксат берүүчү документтер болгон эмес.

Алынып келе жаткан койлордун жалпы баасы 700 миң сомдон ашкан.

Пикир

Оставить комментарий