• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Мамлекеттик катчы Жаратылыш ресурстары министрлигинде лекция окуду

Коом 0

Бишкек, 20.11.24. /Кабар/. Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин кызматкерлерине лекция окуду.

Ведомстводон маалымдашкандай, лекция президент Садыр Жапаровдун "Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене-тарбиясы жөнүндө" жарлыгын ишке ашырылышы тууралуу болду.

Анын жүрүшүндө министрлик алып барып жаткан жаратылышка аяр мамиле кылуу боюнча кызыктуу баяндар айтылып, улуттун нарктуулугу, каада-салты, адамдардын мамилеси жана башка көптөгөн кызыктуу темалар боюнча ой-толгоолор менен бөлүштү.

Аталган иш-чарага министр М.Машиев баштаган министрликтин жетекчилиги, борбордук аппараттын жана министрликтин алдындагы ведомстволордун, кызматтардын өкүлдөрү катышты.

Пикир

Оставить комментарий