• 89.43
  • 97.22
  • 0.97

Мамлекеттик катчынын имиджи эмнеден куралат?

Аналитика 0

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы болуп Сүйүнбек Сапарбекович Касмамбетовдун иштегенине көп деле убакыт өтө элек. Бирок, ушул кыска убакыттын ичинде элдин аң-сезимин ойгото алган идеологиялык иштердин сап башында болуп, кыргыз элинин иденттүүлүгү жана мамлекеттүүлүктү руханий адеп-ахлак, нарк-насил, үрп-адат, салт, үй-бүлө, таалим тарбия, тарых сыяктуу ата-бабаларыбыздан эзелтен бери келе жаткан баалуулуктарын түп-тамырынан бери козгоп, замандардын закымында катылып калган руханий баалуулуктарын Кыргызстан гана эмес, жамы Түркий элдерге чейин ынанымдуу жеткирип үлгүрүүдө.

Чечендик менен даанышмандык – катар жүргөн өнөр байлыгы белем, Сүйүнбек мырзанын кайсы аймактарда жана ар кандай багыттагы иш-чаралардын тематикасына жараша айткан ар бир сөзү, орошон ой-пикирлери, мисалдап келтирген сунуштары өтө салмактуу келип, угуучуларды кары-жашы дебей муютуп келүүдө. Ошол айткан кеп-сөздөрүндө Улуттук идеологиянын башаты – Элдин өз табиятында жана дүйнө таанымына, акыл эс кабылдоосунда экендигин тастыктап келет.

Деги кыргыз эли кандай элбиз? Генетикалык, тарыхый, психологиялык жана саясий-укуктуктабитибиз эмнелерден түзүлгөн? Бул суроо – сыртынан алып караганда жөнөкөй көрүнгөнү менен, ага маани маңыздуу жооп бериш ар кимдин эле колунан келе бербейт. Элибизде эзелки уламыштардан бери айтылып келген Жээренче Чечен, Асан-Кайгы, Токтогул ырчы, Кетбука, Калыгул сыяктуу олуялар, Көлдүк жети акелер, Арстанбек Буйлаш уулу жана башка айтса түгөнгүс касиеттүү инсандар болгон. Элди ошондой акылгөйлөр, билгилер акыл-эске чакырып, маңыздуу, жарык,кулактан кирип, бүткөн бойду титиретеалган накыл-нарктуу сөздөрү менен муютуп, чачылган уруулардын башын калкка бириктирип, ал эми калкты улуттук бийиктикке көтөрүп келишкен эмеспи.

Касиети Ааламды толкуткан “Манас” дастаны баш болгон элдик эпостор, уламыштар, жомоктор, акындык өнөр, башка калктарда жок мыкты каада-салттар, үй-бүлөлүк нарктуулук – Кыргызды улуу Эл кылып келгенин соңку тарыхыбыз далилдеп келет. Ушул сыяктуу тереңдиги мухиттей, бийиктиги асмандай ой-накылдарын, чаңга көмүлгөн каухардын чаңын сүрткөндөй кайрадан жаңыртып элге-журтка жеткириш – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчы жөнүндөгү Жобосунда белгиленгендей Мамлекеттик катчынын түздөн-түз вазипасы экендиги аныкталган, алошондой миссияны толук аткарып келе жатабы?

Ооба демекчимин! Мамлекеттик катчы Кубан Мамбеталиев агам айткандай ары бери урунуп атып элибизге жагып, жүрөгүнөн терең орун алган, эгендике ээ болгон учурдан тартып унутта калган Улуттук идеяны түтүндү түрө кыдырып жүрүп таап алды. Мындай табылга өлкөнүн өнүгүүсүнүн айкын жолдорун көрсөтүп, багыт берип, акыркы кезде жаңы нукта мыкты иштей баштады деп айтууга негиздер толтура.

Дегеле учурдагы мамлекеттик кызматчынын имиджи, же парасат кейпи – анын сөзүндө, акыл-эс ченеминде, жүрүм-турумунда, ошондой эле сырткы “фактура” – кебете-кешпиринде болот турбайбы. Ойлоруң сулуу, сөздөрүң жылуу, тилиң жатык, бай, иштериң ыргактуу болсо – ошол сенин мамлекеттик кызматкер катары имиджиңдин мыктылыгы. Бул параметрлерден алып караганда, азыркы Мамлекеттик катчыбыз өз ордун туура таптык десек болот. Тагыраак айтканда, өлкө башчыбыз Садыр Нуркожоевич тарабынан эң эле туура, таамай тандоо болгон экен.

Элибизди кубандырып, сүйүндүргөнү Кыргыз Республикасынын президенти менен мамлекеттик катчынын Улуттук идеология багытында коомго, өлкөгө жан дили менен берилген өрнөктүү, нарктуу жаранды калыптандыруу боюнча тилектештиги, бирдиктүү терең ой пикири.

Натыйжада өлкө башчыбыздын “Улуттук нарк жөнүндө” Жарлыгынын кабыл алынышыидеология багытындагы алгачкы кадам болсо, кийинки чыккан Жарлыктар бирин бири улап, толуктап Улуттук Нарк программасын өркүндөтүү менен нарктуулукка, ирээттүүлүккө алып келгендиги. Ал эми Мамлекеттик катчы болсо бул программаны кырааты менен ишке ашыра башташы мамлекеттик идеологиядагы жаңы табылга, элибиздин эртеңки келечегине болгон бир жактуу багыт. Анткени коомдук илимдер багытындагы илим изилдеген окумуштуулар Ж.Сааданбеков, Ж.Жоробеков, А.Асанканов, К.Мамбеталиев, Канатбек Азиз, Н.Саралаев ж.б.белгилегендей чыныгы Улуттук идеологиянын булагы “Манас” эпосу, элибиздин руханий адеп-ахлагы, нарк-насили, үрп-адаты, каада-салты, үй-бүлөдөгү таалим тарбиясы.

Эмне дейли, бул саптарды жазып жатып, чын дилимден мамлекеттик катчыбызга мындан аркыш милдеттерин так жана ак дилден аткаруу менен албан-албан ийгиликтерди жаратып, жаңы Кыргызстан тарыхында кала турган изги тилектери, ой-максаттары ишке аша беришин каалап кетээр элем.

Эл Наркын туу кылып желбиретип, этностор аралык ынтымакты чыңдап, коомдун маданий өнүүгүүсүн өркүндөтүп, жаштардын билимге умтулуусун арттыруу менен, илимге, инновацияга жана жаңы технологияларга таянган идеялык программаларды иштеп чыгып, аны жүзөгө ашыруу менен Улуттук аң-сезимди ойгото турган – бул мамлекеттик катчы.

Демек, биз Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы С.С.Касмамбетовго азырынча алкыштарды жазгы жамгырдай гана жаадырып айтпастан (арабызда сынчылар да аз эмес!), кажыбас кайрат каалап, орошон ой-максаттарынын орундалышын, мамлекеттик деңгээлдеги мыкты ийгиликтерди жарата беришине тилектеш экендигибизди билдирип кетелик.

Чолпонкул Арабаев,

КРнын эмгек сиңирген Юристи,

УИАсынын академиги,

юридикалык илимдеринин доктору, профессор

Пикир

Оставить комментарий