Бишкек, 06.12.2019. /Кабар/. Мамлекеттик курулуш агенттигинин шаар куруу жана архитектура боюнча Чүй аймактык башкармалыгында "Бирдиктүү терезе" борбору ишке берилди.
Ал борбордо курулуш, архитектура жана талдоо жүргүзүүгө байланыштуу бир нече кызматтар бириктирилген.
Алсак, андай "Бирдиктүү терезе" борбору архитектуралык-пландык шарттар, инженердик-техникалык шарттар, архитектуралык-техникалык корутунду берүү боюнча кызмат көрсөтөт.
Ошондой экинчи баскыч боюнча: топографиялык съемка кызматы, башкы планга ылайык жер тилкенин чектерин аныктоо, иш долбоорун иштеп чыгуу ж.б.
Мамлекеттик курулуш агенттигинин статс-катчысы Самат Бөрүбаевдин айтымында, мындай борборлор жарандарга ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында ачылууда.
"Ошондой эле анын максаты иш жүргүзүүдө коррупцияны жоюу, керектүү документтерди алууда убакытты азайтуу, уруксат берүүчү маалымкаттардын санын азайтуу", - деди ал.
Бөрүбаев белгилегендей, курулуш архитектура боюнча кызмат ала турган жаран "Бирдиктүү терезе" борборуна келип, арыз калтырышы керек.
Ал, борборлордо керектүү документтерди алууга кыйла аз убакыт кете турганын белгиледи. Маселен, мындан мурдараак жалпы 180 күн кетсе, учурда "Бирдиктүү терезе" борборунун ишке кириши менен ал 50 күнгө кыскарды.
Мындай борборлор өлкө боюнча Агенттиктин 55 аймактык мекемесинде ачылат. Бүгүнкү күнү "Бирдиктүү терезе" борборлору 6 жерде иштейт: Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Чүй, Ысык-Көл облусу.
Пикир
Оставить комментарий