• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана натыйжалуулугун жогорулатуу сунушталууда

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 28.01.20. /Кабар/. Жогорку Кенештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты менен натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган “Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирет.

Демилгечи – Өкмөт.

Эмгек, социалдык өнүгүү министрлигинин берген маалыматына караганда, азыркы учурда калкты менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр, жаӊылыктар, иш-чаралар, бош жумуш орду жөнүндө маалыматтар жүктөлчү автоматташтырылган Эмгек рыногунун маалыматтык тутуму жана «Zanyatost.kg» порталы ишке киргизилди. Ошондой эле, жумуш менен камсыз кылуу боюнча Бишкек шаардык башкармалыгында call-борбору түзүлгөн. Ошентип, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүктөрү күн сайын бардык маалыматтарды Эмгек рыногунун маалыматтык тутумуна киргизет жана каттайт.

Иштеп жаткан мыйзамдын жоболоруна ылайык, жумушсуз же жумуш издөөчү катары иш менен камсыз кылуу кызматына кайрылган жарандарды каттоо, алардын туруктуу жашаган жери боюнча жүргүзүлөт, кыргыз жараны кайда туруктуу жашаса, ошол жер жарандын жашаган жери болуп саналат. Мындай жагдай ички мигранттардын абалына терс таасир берип, олуттуу тоскоолдуктарды жаратат.

Ошондон улам, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты менен натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, ушул мыйзам долбоору менен 2-берененин 10-пунктун “же турган жеринен” сөздөрү менен толуктоо сунушталууда.

Мындан сырткары, 5-берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө жана 13-берененин 1-бөлүгүнүн 5-пунктунда “туруктуу жашаган жери” деген сөздөрү “жашаган жери же турган жери” сөздөрүнө алмаштыруу жарандарга өлкө чегинде өзүнүн жашаган жери же турган жерине карабастан ыйгарым укуктуу органдын каалаган аймактык бөлүктөрүнөн жумуш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик кызматтарды алууга мүмкүндүк берет.

Андан тышкары, "Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө" мыйзамдын 5-беренесинин 1-бөлүгүн бешинчи абзац менен толуктоо сунушталууда. Ага ылайык жумушсуздар жана жумуш издеген жарандарды эсепке жана каттоого алуу тартиби КР Өкмөтү тарабынан аныкталат.

Пикир

Оставить комментарий