• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Коронавирус: Кытайда оорудан 106 адам каза болду

Дүйнө 0

Бишкек, 28.01.20. /Кабар/. Кытайда коронавирус илдетине чалдыккандардын саны 4 миң 515ке жетип, алардын ичинен 106 адам каза болду. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазат.

Мындан мурдараак 3 миңге жакын адам ооруга чалдыкканы жана 81 киши каза болгону айтылган.

РИА новости жазгандай, кытай бийлигинин маалыматы боюнча, 976 адамдын абалы оор болсо, 60 бейтап үйүнө чыгарылган.

Андан тышкары, 6 миң 973 адам ооруну жуктуруп алган деген күмөн болууда. Ошондой эле оорулуулар менен аралашып жүргөн 44 миң 132 адам байкоого алынган.

Пикир

Оставить комментарий