Мамлекеттик матрезервдер фонду 13 миң тоннадан ашык буудай сатып алды

Экономика 0

Бишкек, 21.08.23. /Кабар/. Мамлекеттик материалдык резервдер фонду 13 миң тоннадан ашык буудай сатып алды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, сатып алынган буудайдын сапаттуулугу үчүнчү класстан, ал эми илешкектиги (клейковинасы) 23%дан кем эмес.

Белгиленгендей, Мамлекеттик матрезервдер фонду тарабынан буудай сатып алуу иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий