• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Мамлекеттик салык кызматы 3 айдагы ишинин жыйынтыгын чыгарды

Коом 0

Бишкек, 16.04.22. /Кабар/. Кечээ, 15-апрелде Мамлекеттик салык кызматында ведомствонун 2022-жылдын 1-кварталындагы ишинин жыйынтыгы боюнча коллегия жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу МЧСнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, коллегиянын ишине КР финансы министри Алмаз Бакетаев, Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов, коллегия мүчөлөрү, борбордук аппараттын түзүмдүк бөлүктөрүнүн, аймактык салык органдарынын жетекчилери катышты.

Коллегиянын отурумунда салыктык башкаруунун бир катар актуалдуу маселелери каралды.

Анын ичинде, Салык кызматынын 3 ай ичинде салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултуу, салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызды өндүрүү, ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн импорттолуучу товарларга карата КНСти башкаруу боюнча иштеринин жыйынтыктары чыгарылды.

Ошондой эле, ишкерлерге контролдук-кассалык машиналарды орнотуу боюнча иштин абалы каралды.

Салык кызматынын башчысы Алтынбек Абдувапов белгилегендей, ушул жылдын 1-кварталында салык боюнча план 1 млрд 125,9 млн сомго ашыгы менен аткарылып, мамлекеттик бюджетке 36 млрд 383,6 млн сом жыйналган. Бул 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 14 млрд 640,5 млн сомго көп.

"Салыктар боюнча планды ашыгы менен аткаруу салыктык башкарууну жакшыртуу жана жаңы санариптик чечимдерди киргизүү боюнча көрүлгөн чаралардын аркасында мүмкүн болду. Камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча да көрсөткүчтөр жакшы болду, мында 10 млрд 204,9 млн сом чогултулуп, 404,9 млн сомго ашыкча жыйналды. 2021-жылдын 1-кварталына салыштырмалуу 1 млрд 425,1 млн сомго көп чогултулду", – деди Абдувапов.

Финансы министри Алмаз Бакетаев өз сөзүндө салык органдарынын алдына коюлган милдеттерин толугу менен аткарууда жасалган алгылыктуу иштерин белгилей кетти.

"Мамлекет үстүбүздөгү жылдын апрель айынан тартып социалдык тармактардагы кызматкерлердин эмгек акысын кыйла көбөйттү. Каржылоонун негизги булагы болуп салыктарды чогултуу саналаары жалпыга белгилүү. Ошондуктан мамлекеттин калк алдындагы милдеттенмелерин, анын ичинде эмгек акыларды, пенсияларды жана жөлөкпулдарды жогорулатуу боюнча иштерди өз убагында аткаруу салык органдарынын ишинен көз каранды", – деп баса белгиледи финансы министри.

Мамлекеттик салык кызматынын башчысынын айтымында, быйылкы жылга Салык кызматынын алдына 155,6 млрд сом салыктарды жана 41,7 млрд сом камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултуу боюнча чоң тапшырма коюлган.

"Милдет оңой эмес, бирок салык органдары салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча болжолдук көрсөткүчтөрдү толугу менен аткаруу үчүн бардык күч-аракетин жумшайт", – деп белгиледи Салык кызматынын төрагасы.

Анын айтымында, Салык кызматынын так коюлган иш планы бар – бул башкарууну жакшыртуу, экономиканын бардык тармактарын үзгүлтүксүз талдоо жана мониторинг жүргүзүү жолу менен бизнести көмүскөдөн чыгаруу, ЕАЭБге мүчө өлкөлөр менен соодалашуунун алкагында кыйыр салыктарды башкаруу. Ошондой эле электрондук кызмат көрсөтүүлөрдү колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү, салык жол-жоболорун фискалдаштыруу компоненттерин, анын ичинде контролдук-кассалык машиналарды киргизүү боюнча иштер да улантылат.

Коллегиялык жүрүшүндө Салык кызматынын жетекчиси күн тартибинин ар бир маселесинде коюлган милдеттер боюнча төмөнкү жыйынтыкты көрсөткөн аймактык салык органдарынын башчыларын тургузуп, себебин талкуулады.

Атап айтканда, салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызды өндүрүү жана кыскартуу боюнча канааттандырарлык эмес иштер, жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн сапатынын төмөндүгү, анын ичинде рейддик текшерүүлөр, салыктарды башкаруу маселелеринде жергиликтүү бийлик органдары жана башка мамлекеттик органдар менен өз ара кызматташуунун жетишсиздиги баса белгиленди. Ошондой эле ишкерлерге, айрыкча өлкөнүн региондорунда контролдук-кассалык машиналарды киргизүү боюнча иштер жетишсиз жана начар уюштурулган.

МСКнын төрагасы А.Абдувапов кызматтык милдеттерине шалаакылык мамиле кылган салык органдарынын башчыларына жумуштан бошотууга чейинки катуу чаралар көрүлүп, зарыл болгон учурда тиешелүү материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилээрин эскертти.

Пикир

Оставить комментарий