• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Монголия Кыргызстанга ыш маселесин чечүүгө жардам берет

Коом 0

Бишкек, 22.05.23. /Кабар/. Монголия Кыргызстан менен ыш маселесин чечүү боюнча тажрыйба бөлүшөт. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул багытта кызматташтыкты ведомствонун башчысынын орун басары Медетбек Маметов Монголиянын Кыргызстандагы элчиси Ганхуяг Содном менен талкуулады.

Тараптар Глобалдык көмүр кычкыл газынын чыгышынын сандык өлчөө принциптерин изилдөө, ыш маселесин чечүү, ошондой эле экология тармагында өкмөттөр аралык келишимдерди түзүүнүн укуктук негиздери боюнча эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Элчи Монголиянын чийки көмүрдү брикеттелген көмүр менен алмаштыруу боюнча өндүрүштүк сектордогу дотациялар жана экологиялык көзөмөл чөйрөсүндөгү мыйзамдык базаны жакшыртуу боюнча тажрыйбасы менен бөлүштү. Ошондой эле ал аралык климаттык долбоорлорду ишке ашыруудагы ийгиликтүү тажрыйбасы тууралуу айтып берди.

Министрдин орун басары Монголиянын элчисине кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, кызматташтыкты жана биргелешкен экологиялык долбоорлорду өнүктүрүүгө даярдыгын билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар экологиялык көйгөйлөрдү чечүүгө жана кызматташтыкты бекемдөөгө даяр экендиктерин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий