• 87
  • 90.59
  • 0.86

Мамлекеттик сыйлык элдин мага берген баасы менен ишеними - Дүйшеналы Мамбетөмүров

Маек 0

Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын “Маалымат” студиясынын баяндамачысы, Кыргызстан журналисттер союзунун мүчөсү, акын-публицист Дүйшеналы Мамбетөмүров “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” деген ардак наамы менен сыйланды. Президенттин Мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө жарлыгына ылайык, сыйлык Дүйшеналы Мамбетөмүровго мамлекеттин жана Кыргызстан элинин алдында сиңирген көөнөрбөс эмгеги үчүн ыйгарылды. Сыйлык ээсинин өмүр жолу, күжүрмөн эмгеги жана чыгармачылыгы менен тааныштыруу максатында журналист Дүйшеналы Мамбетөмүровдү сөзгө тартып, бир катар суроолорго жооп алдык.

Каарманыбыз Дүйшеналы Мамбетөмүров Нарын облусунун Ат-Башы районунун Талды-Суу айылында туулуп өсүп, айылдык орто мектепти аяктаган. 1975-1980-жылдары Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган. Эмгек жолун Ат-Башы районунун ошол кездеги Биринчи май колхозунда курулушчу болуудан баштап, кийин мектепте мугалим, колхоздо комсомол комитетинин катчысы, Профсоюз комитетинин төрагасы, Кыргызстан компартиясынын Ат-Башы райкомунун идеология бөлүмүнүн инструктору, идеология бөлүмүнүн башчысы кызматтарында 1980-1991-жылдар аралыгында эмгектенген. Студент кезинен эле теленин жашоосуна аралашкан каарманыбыз 1991-жылдан тарта Кыргыз улуттук телерадиоберүү корпорациясында радио кабарчы, баяндамачыдан тарта продюсердикке чейинки кызматты аткарган. 35 жылдан ашык убакыт өтсө да Дүйшеналы Мамбетөмүров теле менен радионун тегирменинде кайнап, эл үчүн эмгек кылуунун үстүндө. “Маңдай-Тескей”, “Маанилүү маек”, “Эгемен Кыргызстан” берүүлөрү менен элдин эсинде калган каарманыбыз учурга чейин юбилейлик “Манас” медалы, КР Ардак грамотасы, “КР мамлекеттик кызматынын отличниги” төш белгиси жана УТРКнын 3 жолку отличниги жана башка сыйлыктар менен сыйланган.

- Саламатсызбы? “КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер” ардак наамыңыз кут болсун! Алгач сыйлык алгандагы сезимдериңиз менен бөлүшсөңүз, сыйлык бул сиз үчүн эмне?

- Чынында сыйлыкты качандыр бир жылы алармын деп күтүп жүргөн убакыт башка, ал эми сыйлыкты алуу алдындагы эки жарым саат бир башкача болду. Аябай толкундандым, жаңы жылдын алдында жаңы салынган "Ынтымак Ордобуздан" көптөн күткөн сыйлыкты алуу жакшы сезимдерди тартуулады. Бул сыйлык биринчиден элдин мага болгон ишеними. Кесиптештеримдин, көрөрман жана угармандарымдын мага берген баасы деп билдим. Алар болбосо ким элем, мен жөнөкөй эле айылдан келген абышка-кемпирдин баласы болчумун. Өз эмгегимди элге, мамлекеттик саясатты ишке ашырууга жумшап келе жатам. Журналистиканын багыттары боюнча бардык темаларды алып барууга колумдан келишинчи аракет кылып, мекен үчүн кызмат кылуу аракетиндемин. Ойлоп көрсөм аянтта 19 жыл катары менен Нооруз майрамын, Эгемендүүлүк күнүн, Жеңиш күнүнө арналган митинг-реквиемди түз эфирде алып барыптырмын. Сыйлык жөн келген жок, ушундай күжүрмөн эмгектин артынан жетиштим деп эсептейм. Кыргыз элине, кесиптештериме жана кыргыз телеберүүсүнүн жалпы жетекчилигине ыраазычылык билдирем.

Акыры бир алуучу сыйлык эле,

Акыры бир келүүчү сыймык эле.

Ак таң тосуп, ыр жасып, аруу күтүп,

Акыры бир алаарым туйдум эле.

- Бала чагыңызга кайрылсак, чыгармачылыкка аралашууңуз, журналистикага тармагына келүүңүз тууралуу айтып берсеңиз?

- Өзүм 15 бир тууганмын, бирок ошол бир туугандарымдын ичинен мен бөлөкмүн. Себеби мени таята, таенем багып алып, абышка-кемпирдин колунда чоңойгом. Өзүмдүн ата-энем катардагы колхозчу катары мал чарбачылык менен алектенишкен. Таятамдын колунда өсүп, өз ата-энемди башка үй-бүлө катары сезип чоңойдум. Кийин алардын көзү өткөндөн кийин бир туугандарым менен байланышып, катташып калдым. Белгилей кетсем, мени адам катары калыптанышыма, адабиятка кызыгып, журналистикага келишиме чоң салым кошкон менин атам. Ал таятам. Бирок кичинемен багып өстүргөндүктөн ата деп чоңойдум. Атам сөзмөр, санжыраны так билген, оозунда сөзү бар нускалуу, жоош киши болгон. Ошол кишинин таасири менен бүгүнкү күнгө чейин адам болуп жүрөм деп эсептейм. 2-класс кезимде эле “Манас”, “Семетей”, “Сейтек”, “Эр Табылды”, “Жаныш-Байыш”, “Алысарык”, “Кулансарык” жана башка эпостордун барын сурап болсо да таап келип мени окуткан. Бул китептин бары мага көрөңгү болду. Ошол китептердин таасиринендир 5-класста ыр жазып, райондук “Жеңиш жолу” гезитине жарыялана баштады. Андан кийин 8-класста “Ленинчил жаш” гезитине ырларды жаза баштадым. Ошентип 8-класста окуп жүргөн кезде адабият деген нерсеге арбалып, уктабай китеп окуп калдым. Улуу жазуучубуз Ч. Айтматовдун чыгармаларын, Л. Толстойдун “Анна Каренина” чыгармасын, А. Чеховдун китептерин тынбай окудум. Негизи тарыхчы болом деп ойлочумун, бирок адабият, Айтматовдун чыгармалары мени чыгармачылык багытка буруп, журналистика тармагына келишиме түрткү болду.

- Көпчүлүк эл сизди журналист катары тааныйт, бирок акындык талантыңыз бар экенин билебиз?

- Ооба, учурга чейин 3 китебим чыккан, 4-китебим даярдалып бүтүп калды. “Талды суу таржымалдары”, “Жан дүйнө”, “Беремин сага Ата-Журт” ырлар жана эскерүү жыйнактары чыккан. Убакыт керек болуп 4-китепти бир азга токтотуп койдум. Негизинен ыр жазуу менин кесибим же хоббим эмес. Жөн гана жан дүйнөмдөгү сезимдерди ыр менен бергенге аракет кылам. Кээде кыйналганда, чарчаганда, бир нерсени эскергенде же турмуштагы таасирдүү көрүнүштөргө күбө болгондо сөзсүз отуруп ыр жазганга аракет кылам. Тынчтыкта түн терметип ыр жазганга эмне жетсин. Ыр менен журналисттик кесип мен үчүн куштун эки канатындай. Ыр жазуусуз жашоомду элестете албагандай эле, эфирсиз жашай албайт экенмин. Үйдө отурган дем алыш күндөр да өтпөй кетет. Иш менен күйүп-бышып чуркап иштеп жүргөн мага жагат.

- Жалпы 35 жылдан ашык убакыт журналистика тармагында коомдук-саясий, экономикалык багыттагы берүүлөрдү даярдап эмгектенип келесиз. Журналистикага, теле тармагына кантип келип калдыңыз, эмне түрткү болду?

- 1976-1977-жылдары азыркы Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин филология факультетинин кыргыз тили жана адабияты бөлүмүнүн 2-курсунда окуп жүргөн кезим. Университеттеги илимий-теориялык конференцияда чыгып сүйлөгөнүмдү залда отурган ошол кездеги телерадиокомпаниянын директору Умтул Орозова көргөн экен. Ал кишиге дикциям жакса керек, конференциядан кийинчерек мага киши жиберип чакыртып, иште деген сунуш берди. Телеберүүдө кимдин иштегиси келбесин, Жаштар студиясында 4 жыл “Тарбия” деген көрсөтүү ачып, алып баруучу болуп иштедим. Ошентип телеге болгон биринчи кызыгуум пайда болуп, аркан жипсиз ушул куттуу жерге байландым. Арадан 10 жыл айылдан иштеп, кайра эле УТРКга келдим. Журналистика мага эң биринчи адамдар менен иштешүүнү, адамдарды таанууну үйрөттү. Анткени, адамдар менен сүйлөшүүнүн өзү чоң искусство. Кимдин ким экенин сүйлөшүү менен билесиң. Төмөндө айткандай, журналисттик кесип жөнөкөй кемпир-чалдын баласын эмгекке үйрөттү, элге таанытты.

- Сиздин берүүлөрүңүздүн артыкчылыгы элге жеткиликтүү кылып эркин алып барасыз. Тажрыйбалуу журналист катары кесиптик чеберчиликтериңиз менен бөлүшө кетсеңиз?

- Биринчиден сен кандай кыйын журналист болбо, алып чыга турган ар бир темага алдын ала даярдануу керек. Маек ала турган кишиден бир эли жогору турбасаң, анын ички дүйнөсүнө кирип зарыл болгон маалыматыңды ала албайсың. Ал билген теманы, кесипти, чөйрөнү жок дегенде 80 пайыз билишиң керек. Мисалы, айыл чарба темасы мага абдан жакын, менин “жеген наным” десем болот. Бирок журналист өз тармагынан тышкары, бардык теманы түшүнүп, билиши керек. Ар бир теманы элге жөнөкөй тил менен жеткириш керек деп ойлойм. Журналисттин экинчи кыйын сапаты сүйлөп жаткан адамдын сөзүнөн кармап, өзүңө керектүү маалыматты айттыра билүү. Тилекке каршы теле жана радио жаатында көп кесиптештер даярданбай туруп эфирге чыгып, акырында сын угуп калышууда.

- Блогерликти журналистиканын бир багыты катары көрө аласызбы, сиздин жеке көз карашыңыз кандай?

- Блогерлик – бул журналистика эмес, бул далдалчы. Соодада далдалчы деген кесип бар. Эки тараптын ортосунан пайда көргөндөр. Ал эми блогерлик да мамлекеттик кызмат менен катардагы адамдын ортосундагы далдалчы. Берки маселеси чечилбей жаткан адамга жардам берүүнү көздөп жаткандыр, бирок барып алып аны жөөлөп, “мен блогермин” деп эшигин тээп кирүү, оройлук бул журналистикага жатпаган туура эмес көрүнүш. Мисалы, төрөт үйүнө чейин кирип барган блогерлерди көрүп жатпайбызбы. Миң блогер болсо да антип кирүүгө эч кимдин акысы жок. Илгертен эле ата-бабабыз төрөтканага умай энеден башканы киргизген эмес. Ошондуктан журналистиканын баркын блогерлер кетирбеш керек.

- Үй-бүлөңүз тууралуу да айта кетсеңиз?

- Өмүрлүк жарым кесиби боюнча филолог, университетте сабак берет. Үч кызым, бир уулум бар. Балдардын баары үйлүү-жайлуу, өз ордуларын таап, үй-бүлө күтүшкөн. Учурда 9 неберем бар.

Маектешкен Чолпон Жумалиева, Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттиги

Пикир

Оставить комментарий