• 85.06
  • 93.51
  • 0.88

Мамлекеттик циркти реконструкциялоо иштери 98 пайызга аяктап калды

Коом 0


Бишкек, 08.10.24. /Кабар/. 1976-жылы пайдаланууга берилип, дээрлик 48 жыл ремонт көрбөгөн Абубакир Изибаев атындагы Мамлекеттик циркти реконструкиялоо иштери кызуу жүрүүдө. Оңдоп-түзөө иштери 98%га аяктап калганын президенттин иш башкармалыгынан билдиришти. "Кабар" агенттигинин кабарчысы реконструкция иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышып келди.

Аталган имаратка президент Садыр Жапаров былтыр күтүүсүз текшерүү менен барып, имараттын акыбалын өз көзү менен көрүп, тез арада толугу менен реконструкциялоого тапшырма бергени маалым. Мамлекет башчынын визитинен соң тез арада цирктеги манеж, отургуч сыяктуу бардык эски буюмдар чыгарылып, имаратты капиталдык реконструкциялоо иштери башталган.

Оңдоо иштеринин жүрүшүндө электр зымдары алмаштырылып, канализация түтүктөрү жаңыланып, пол, шып, жылуулук системасы, сантехникасы, чарбалык бөлүгү, аттар багыла турган жайлар, аттарды жууй турган жерлер түзүлүп, артисттерге кабинеттер жасалып, манежи жаңыланды. Оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшүндө заманбап дизайн колдонуу менен имарат жаркыраган заманбап маданий жайга айланды.

Имараттын реконструкциясына колдонулган ак мраморлор Ирандан, көрүүчүлөр отура турган креслолор Москвадан алынып келинип 1800 орун даярдалды.

Ал ортодо министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев келип, имаратты оңдоо иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышып, иш процессин көзөмөлдөп кетишкен.

Ошондой эле реконструкция иштеринин кандай нукта жүрүп жатканын президенттин администрациясынын президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын кызматкерлери да текшерген.

Оңдоп-түзөө иштерин жаңы жылга чейин бүтүрүү пландалган.

Пикир

Оставить комментарий