• 87
  • 91.29
  • 0.84

Мамлекеттик тил күнүнө карата Ошто бир айлык жарыяланды

Аймак 0

Бишкек, 07.09.22. /Кабар/. Мамлекеттик тил күнүнө карата бүгүн Ош шаарында бир айлык жарыяланды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Вице-мэр Венера Рыскулова бир айлыктын алкагында комплекстүү иш-чаралар пландалып жатканын билдирди, анын ичинде төмөнкү сынактар өткөрүлөт.

- Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын Оштогу бөлүмүнүн улуттук борборлорунун арасында “Мамлекеттик тил - улут аралык ынтымактын тили” деп аталган кыргыз тилиндеги чыгармаларды окуу (макал-лакап окуу, кыргыз ыр-бийлерин аткаруу) боюнча сынак өткөрүү;

- “Жаңы маалыматтык технологиялар жана мамлекеттик тил” деген темада шаардагы ЖОЖдордун студенттеринин арасында долбоорлор сынагын уюштуруу;

- Ош шаарынын ички иштер органдарынын жана күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин арасында “Тилимди коргогонум – мекенди коргогонум” деген темада кыргыз тилинде аскердик ыр сынагын өткөрүү;

- Журналисттер жана блогерлер арасында мамлекеттик тилди даңазалаган жана коомду тарбиялоого чакырган, кыргыз тилин терең урматтоого үндөгөн видеоролик сынагын өткөрүү;

- Ош шаарынын жаштары жана студенттери арасында кыргыз тилин даңазалаган чыгармалардын кароо-сынагын уюштуруу; 30 жашка чейинки акын-жазуучулар арасында китепканаларда жана маданият үйлөрүндө кыргыз поэзиясынын кечелерин уюштуруу;

- Шаардын жалпы билим берүүчү мектептеринде жана бала бакчалардагы улуу тайпалар арасында мамлекеттик тил боюнча маалыматтык сааттарды, класстан тышкаркы иш-чараларды, дилбаяндарды, көркөм окууларды уюштуруу жана өткөрүү;

- Ош шаарынын мамлекеттик жана муниципалдык мекеме-ишканаларынын кызматкерлеринин арасында “Сабаттуу жазуу” акциясын уюштуруу;

- Ош шаарынын жогорку окуу жайларында кыргыз тилин окутуунун инновациялык усулдарынын көргөзмөлөрүн уюштуруу.

Сынактын жеңүүчүлөрүнө акчалай сыйлыктар ыйгарылат.

Мындан сырткары, бир айлыкка ылайык, жарнак объекттерин Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзамынын нормаларына ылайык келтирүү, шаардык эс алуу жайларында, сейил бактарда кыргыз музыкасын жана комуз күүлөрүн чертүү, мамлекеттик тил тууралуу инсталляциялар, тил темасында белгилүү инсандардын сөздөрү жазылган жазууларды илүү боюнча иш-аракеттерди көрүү тапшырмасы берилди.

Пикир

Оставить комментарий