• 87
  • 89.77
  • 0.79

Мамлекеттик тилдин 35 жылдыгына арналган сынактын III этабынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Коом 0

Бишкек, 04.12.24. /Кабар/. Мамлекеттик тилдин 35 жылдыгына жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган сынактын III этабынын жеңүүчүлөрү сыйланды. Бул тууралуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынан билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер арасында жарыяланган төрт айлык сынактын үчүнчү этабы ийгиликтүү аяктады.

Сынактын бул этабында “Кыргыз жараны” концепциясы боюнча мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери өздөрүнүн чыгармачылык жөндөмдөрүн көргөзүп, видеороликтерди тартты. Видеоматериалдар мекемелердин расмий баракчаларына жарыялангандан кийин катышуучулар жазуу тапшырмаларын аткарды.

Сынакта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Ош шаарынын мэриясынын, Социалдык фонддун, Кемин районунун акимчилигинин кызматкерлери жеңүүчү аталып, аларга комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев жана мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө өзгөчө салым кошкон жеке ишкер Мирлан Мамат уулу алкыш баракчаларды жана планшеттерди тапшырды.

Сынактын акыркы, төртүнчү этабы “Улуттук нарк” темасында уюштурулуп, 15-ноябрдан 25-декабрга чейин өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий