• 87
  • 90.41
  • 0.84

Мамлекеттик тилдин 35 жылга арналган сынактын II этабынын жеңүүчүлөрү аныкталды

Коом 0

Бишкек, 06.11.24. /Кабар/. Мамлекеттик тилдин 35 жылдыгына арналган сынактын II этабынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынан билдиришти.

Мекемеден маалымдашкандай, төрага Мелис Мураталиев жана Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун башчысы Элдияр Калдарбеков жеңүүчү аталган мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге Алкыш баракчаларды жана планшеттерди тапшырды.

"Сынактын экинчи этабынын темасы Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналды. Баш-аягы 50дөн ашык кызматкерлерден видеобаяндар келди. Арасынан жогорку упай топтогон катышуучулар сыйлыкка татып, белектерге ээ болушту", - деди Мелис Мураталиев.

Белгилей кетсек, улуттук комиссия тарабынан жарыяланган төрт айлыктын алкагында мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер арасында сынактар уюштурулууда. Жыл соңуна чейин "Кыргыз жараны" жана "Улуттук нарк" темаларында сынак өтөт.

Пикир

Оставить комментарий