• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Эмгек министрлиги: Жыл башынан бери турмуштук оор кырдаалда турган балдардын саны азайды

Коом 0

Бишкек, 21.07.23. /Кабар/. 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгында өлкө боюнча турмуштук оор кырдаалда турган 3 миң 356 бала аныкталган. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, ар бир аныкталган бала үчүн жекече кам көрүү планы түзүлөт.

"Аныкталган балдардын жарымынан көбү мындай жардамды алышкан, биз аларды турмуштук оор абалдан чыгара алдык. Калган балдар боюнча иш улантылууда. Бир жарым миңден ашык бала үй – бүлөлүк чөйрөнүн ар кандай формалары-камкордук, асырап алуу, фостердик үй-бүлөлөр менен камтылган", - деп айтылат маалыматта.

Жыл башынан бери багып алган (фостердик) үй-бүлөлөрдүн саны 21,2% га өстү. Бүгүнкү күндө 97 фостердик үй-бүлөдө 169 бала тарбияланууда.


Турмуштук оор кырдаалга кабылган балдар ата-энеси аларды багуудан жана тарбиялоодон качкан балдар, иштеген балдар жана эмгектин эң оор түрлөрүнө тартылган, кароосуз калган, мыйзамга карама-каршы келген, зомбулукка кабылган балдар.

Пикир

Оставить комментарий