• 87
  • 90.41
  • 0.84

Мамлекеттик жана коомдук ишмер Зарылбек Акматбеков дүйнө салды

Коом 0

Бишкек, 02.11.24. /Кабар/. Мамлекеттик жана коомдук ишмер Акматбеков Зарылбек Акматбекович 81 жашында күтүүсүз дүйнө салды.

Ал 1943-жылы 18-августта Чүй облусунун Моңолдор айылында төрөлгөн. Мамлекеттик кызматта 1970-жылдан тартып иштеген, 1995-2000-жылдары КР Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты болгон.

1970-1973-жылдары Ош облустук кургак учукка каршы диспансеринде дарыгер-ординатор болуп иштеген. 1973-1995-жылдары өлкөнүн ар кайсы райондук ооруканаларында жана медициналык мекемелерде башкы дарыгер болуп эмгектенген.

1995-жылы КР Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынына депутат болуп шайланып, саламаттыкты сактоо жана экология боюнча комитеттин төрагасы болгон.

2001-2008-жылдары Кыргызстандын Түркмөнстандагы элчиси болуп эмгектенген.

Акматбеков Зарылбек Акматбекович узак жылдар бою өтөгөн кызматы үчүн “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери”, саламаттык сактоонун мыктысы деген наамдарга ээ болгон жана “Даңк” медалы менен сыйланган.

Тышкы иштер министрлигинин жамааты өмүрүнүн көп жылдарын мамлекеттик кызматка арнаган көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, саясатчы, дипломат Акматбеков Зарылбек Акматбековичтин жаркын элесин түбөлүккө эстеп калат. Орду толгус жоготуунун азабын жана кайгысын тең бөлүшөт.

Пикир

Оставить комментарий