• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда күзгү аскерге чакыруу иш-чарасы башталды

Коом 0

Бишкек, 12.09.20 /Кабар/. Кечээ, 11-сентябрда Республикалык жыйын пунктунда Бишкек шаары менен Чүй облусунан чакырылгандарды анык аскердик кызматын өтөөчү жерлерге узатууга арналган биринчи аскерге жөнөтүү иш-чарасы болду. Бул тууралуу Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ушундай эле узатуу аземдери республиканын башка жыйын пункттарында дагы уюштурулат. Мөөнөттүү аскер кызматына чакырылгандар (3000 адамдан ашуун) КР Куралдуу Күчтөрүнүн кошуундары менен бөлүктөрүндө кызмат өтөшөт.

Аскердик кызматка чакырылуудан мөөнөтүн узартууга укугу жок, 18 жаштан 25 жашка чейинки аскерге чакырылган курактагы кыргызстандыктар чакыруу комиссиясынан өтүү үчүн жашаган жери боюнча аскер комиссариаттарына келүүгө милдеттүү.

Аскерге узатуу аземи мурдагы жылдагыдан айырмаланып «COVID-19» илдетинин жайылышын алдын алуу максатында санитардык-эпидомиологиялык талаптарды сактоо менен өтүп, жаш чакырылуучулардын жакын адамдарынын катышуусуз өттү.

Чакыруу үстүбүздөгү жылдын 30-ноябрына чейин улантылмакчы.

Пикир

Оставить комментарий