• 88.02
  • 95.49
  • 0.97

Юстиция министрлиги: Мыйзамдарды инвентаризациялоо боюнча иштердин алгачкы жыйынтыктары даяр

Коом 0

Бишкек, 25.08.21. /Кабар/. Юстиция министрлиги КР мыйзамдарын инвентаризациялоо боюнча иштердин алгачкы жыйынтыктары даяр экендигин билдирди.

Ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, мамлекеттик органдардын, жарандык коомдун жана көз карандысыз эксперттердин мыйзамдардын критерийлерге дал келүүсүн баалоо боюнча иштеринин алгачкы жыйынтыктары даяр. Бул иштер “Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын инвентаризациялоо жүргүзүү жөнүндө” президенттин Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында аткарылууда.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын инвентаризациялоонун биринчи этабынын алкагында мамлекеттик органдар тарабынан жарандык сектордун өкүлдөрү жана көз карандысыз эксперттер менен бирдикте 89 мыйзамды баалоо формалары даярдалды.

Баалоо Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин методологиясынын негизинде, адистештирилген 9 кичи топто жүргүзүлгөн, анда мыйзамдарды талдоо критерийлери аныкталган жана баскычтуу жол-жобосу сүрөттөлгөн.

89 мыйзамды талдоонун жыйынтыгы тармактык кичи топтор сунушташат:

2 мыйзамды – өзгөртүүсүз калтырууну;

62 мыйзам – өзгөртүүлөрдү киргизүүнү талап кылат;

18 мыйзамды – бир учурда жаңы редакциядагы мыйзамдын кабыл алынышы же анын жоболорун башка тармактык мыйзамдарга интеграциялоо менен күчүн жоготту деп таануу сунушталат;

7 мыйзам – актуалдуу эместигине байланыштуу күчүн жоготту деп таануу сунушталат.

Мыйзамдарды (тизмеси) баалоонун жыйынтыктары Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайтында жарыяланган.

Андан соң көрсөтүлгөн баалоо формалары тиешелүү тыянактар менен мыйзамдарды инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык эксперттик топтун жакынкы жыйынында каралмакчы.

Эскерте кетсек, инвентаризациялоого жаткан мыйзамдардын санын аныктоо үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан 1990-жылдан 2020-жылга чейинки мыйзамдарга талдоо жасалган жана мыйзамдардын тизмеси аныкталган.

Ушул тизмеге ылайык, 359 мыйзам инвентаризациялоого жатат, алар 15 тармактык кичи топтор арасында бөлүнгөн.

"Мыйзамдарды талдоо жана инвентаризациялоо боюнча иштер уланууда", - деп кошумчалашты министрликтин басма сөз кызматынан.

Пикир

Оставить комментарий