• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

“Балык чарбасынын учурдагы абалы, көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдору” аттуу тегерек стол өттү

Коом 0

Бишкек, 21.05.21. /Кабар/. 19-майда Токмок шаарында “Балык чарбасынын учурдагы абалы, көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдору” деген темада тегерек стол өттү. Бул тууралуу Айыл, токой жана суу чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Жыйынга министр Аскарбек Жаныбеков, министрдин орун басары Илич Марсбек уулу жана департамент, агенттиктердин жетекчилери катышты.

Айыл, токой жана суу чарба министрлигинин алдындагы Балык чарба департаментинин директору Эдил Ниязов балык чарбаларынын учурдагы абалы жөнүндө презентация жасады.

Ага кошумча “Кыргыз токой-аңчылык жайгаштыруу” мамлекеттик мекемесинин директору Сабырбек Чукумбаев Токмок токой чарбасы тарабынан балык чарбаларын ачууда жер тилкелерин берүү тартиби жөнүндө маалымат берди.

Жайыттар жана мал өстүрүү департаментинин директору Жаныбек Керималиев жайыт жерлери жөнүндө маалыматты кошумчалады.

Жыйындын соңунда катышуучулар суроо-жоопко кошумча сунуштарын айтышты.

Пикир

Оставить комментарий