• 84.56
  • 94.24
  • 0.93

"Аврора Грин" эс алуу борборунун коттедждери эс алуучуларды кабыл алууда

Аймак 0


Бишкек, 15.08.24. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Булан-Сөгөттү айылындагы "Аврора" санаторийинин аймагындагы "Аврора Грин" эл алуу борборунун коттедждери мамлекеттин балансына кайтарылып, бүгүнкү күндө ийгиликтүү иш алып барууда.

"Аврора" санаторийи президенттин Иш башкармалыгына өткөндөн кийин жакшы жыйынтыктарды көрсөтүүдө. Иш башкармалык курулуш иштери 14 жыл бою бүтпөй турган имараттарды оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, эс алуучулар үчүн заманбап шарттар түзүлдү.

“Канча жылдан бери курулуш иштери токтоп турган "Аврора Грин” эс алуу борбору мамлекеттин балансына өткөрүлүп, 2024-жылдын башында президенттин тапшырмасы менен президенттин Иш башкармалыгы тарабынан курулуш иштери аяктады. Эс алуу жайындагы 240 орунга ылайыкталган 31 коттедж пайдаланууга берилди. Бардык коттедждер эс алуучуларды кабыл алууда”, - деди “Аврора” санаторийинин директору Урматбек Усупбеков.

Пикир

Оставить комментарий