• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Мамлекеттин уурдалган мүлктөрү кайра кайтарылууда – Садыр Жапаров

Президент 0


Бишкек, 20.12.24. /Мээрим Дүйшөналиева - Кабар/. Мамлекеттин уурдалган мүлктөрү кайра кайтарылууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн Бишкекте өтүп жаткан III Элдик курултайдагы кайрылуусунда билдирди.

Мамлекет башчысы белгилегендей, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, ИИМ жана прокуратура органдары тарабынан жүргүзүлүп жаткан тынымсыз жана түйшүктүү иштер өзүнүн жыйынтыктарын берип, өлкө казынасына миллиарддаган сомдук активдер жана объектилер кайтарылууда.

"Мамлекеттин күч органдарынын мындай аракеттери баарына эле жага берген жок. "Менчиктин укугу бузулууда, ишкерликке тоскоолдуктарды жаратууда” деген сыяктуу шылтоолорду коомчулукка жайылтуу аракетин көргөндөр да болууда.

Алар мыйзамсыз ээлеген байлык-мүлктөрүнөн ажырагандар экенин жакшы билесиздер. Бул жерде мен, мамлекет мыйзамдуу түрдө алынган мүлккө эч качан кол салбастыгын так белгилегим келет.

Бирок кыянаттык кылып бекер, уурдоо, алдоо жолдору аркылуу байыгандар жазаланбай жүргөн жыргал жашоолорунун убактысы бүткөнүн, элдин байлыгы элге кайтарылып жатканын түшүнүүлөрү керек.

Биз уурдалгандарды жөн эле кайтарып жатканыбыз жок, биз элдин мамлекетке болгон ишенимин кайтарып жатабыз. Бул кадамдар акыйкаттуулук жана ар бир жарандын, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн принципиалдуу күрөш болуп саналат.

Өлкөнүн мүлкү айрым ач көз адамдардын эмес, жалпы мамлекеттин жана элдин кызыкчылыгына кызмат кылышы керек!

Мыйзам үстөмдүгү жөн эле жарыяланып кала берген кагаз эмес.

Биздин максатыбыз – мыйзамдар үзгүлтүксүз жана ар бир тамгасы кыйшаюсуз аткарыла турган өлкөнү куруу", - деди ал.

Ошондой эле президент Кыргызстан ишкерликти таза жана так жүргүзгөн, аны өнүктүргөн, мамлекеттин мүлктөрү элге гана кызмат кыла турган мамлекетке айланышы керек экендигин айтты.

Пикир

Оставить комментарий