Мамытов менен Матвиенко дипалакалардын 30 жылдыгына карата куттуктоо телеграммаларын жөнөтүштү

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 19.03.22. /Кабар/. Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин төрагасы Талант Мамытов менен Россия Федерациясынын Федералдык жыйынынын Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко эки мамлекеттин ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата бири-бирине куттуктоо телеграммаларын жөнөтүштү. Бул тууралуу КР ЖКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Талант Мамытовдун телеграммасында 30 жыл аралыгында Кыргызстан менен Россиянын ортосунда эки тараптуу мамилелердин бекем пайдубалы түптөлүп, саясий диалогдун жогорку деңгээлине жетишилгени, экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштар ийгиликтүү өнүгүп, парламенттер аралык алакалар артканы белгиленди.

«Өз ара сый-урматка жана ишенимге негизделген бул мамилелер эки элдин жыргалчылыгы үчүн мындан ары да ырааттуу өнүгө берерине ишенем. Парламенттерибиздин да жигердүү байланышы Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы ар тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө жана тереңдетүүгө өбөлгө түзөт деген үмүттөмүн», — деп айтылат телеграммада.

Ал эми Россия Федерациясынын Федералдык жыйынынын Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко достук, бир туугандык жана өз ара колдоого негизделген көп жылдык тарыхый байланыш Россия менен Кыргызстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктүн пайдубалын түптөгөнүн белгиледи.

«Акыркы ондогон жылдар аралыгында биз түрдүү тармактарда кызматташуунун уникалдуу тажрыйбасын топтодук. Биздин ынак коңшулугубуз жана жакындыгыбыз бекемдиги менен тастыкталды. Бүгүнкү күндө Россия Федерациясы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы мамилелер эң жогорку деңгээлде болуп, жигердүү саясий диалогубуз, аймактык жана эл аралык алкактагы кадамдарды натыйжалуу координациялообуз, постсоветтик мейкиндикте тынчтыкты жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча биргелешкен күч-аракеттерибиз менен өзгөчөлөнөт.

Россия-Кыргызстан достук мамилелеринин бузулбастыгына жана анын ажырагыс бөлүгү болуп саналган конструктивдүү парламенттер аралык диалог аркылуу жемиштүү уланаарына ишенем. Заманбап шарттарда биз өз ара кызыкчылык туудурган чөйрөлөрдө, анын ичинен кызматташтыктын мыйзамдык базасын жана механизмдерин өркүндөтүү боюнча байланыштарды активдештирүү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонушубуз керек», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Пикир

Оставить комментарий