“Манас" аэропортуна бараткан жолдо айдоочу өспүрүмдү өлтүрө сүзүп кетти

Кырсык 0


Бишкек, 12.06.23. /Кабар/. Бишкек-Манас аэропорту унаа жолунда "Хонда СRV" унаасынын айдоочусу өспүрүмдү өлтүрө сүзүп кетти.

Чүй облусу боюнча ЖКККБнын басма сөз кызматынан билдиришкендей, кырсык 11-июнда катталган.

Айдоочу түштүктөн түндүктү көздөй баратып жолдон өтүп жаткан 2012-жылы туулган Ж.Ж.К. аттуу баланы сүзүп алган.

"Хонда СRV" унаасынын айдоочусу РИИБнүн тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди жана унаасы айып токтоочу жайына токтотулду.

Пикир

Оставить комментарий