• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

"Токтогул ГЭС — Датка" жогорку чыңалуудагы аба чубалгысында 770 изолятор алмаштырылды

Коом 0

Бишкек, 12.06.23. /Кабар/. 500 кВ "Токтогул ГЭС — Датка" жогорку чыңалуудагы аба чубалгысында 770 даана изоляторлор алмаштырылды

Энергетика министрлигинен билдиришкендей, ошондой эле зымдардын бириккен жерлериндеги байланыштарын бекемдөө жана электр зымдарын үстүнөн текшерүү иштери жүргүзүлдү.

Жогорку чыңалуудагы аба чубалгыларын тейлөө кызматынын Кара-Көл, Избаскент, Жалал-Абад участкаларынын адистери, 3 бригада болуп иш алып барды. Бир бригада күнүнө 75 даанадан изолятор алмаштырганга мүмкүнчүлүгү бар.

Аба чубалгылар тоо кыркаларында жайгашкандыктан кызматкерлер ошол аймактарда жашап, иштеп жатышат.

Оңдоп-түзөө жумуштары жаз-күз айларында эки жолу жүргүзүлөт, бул иштер күз-кыш айларына карата камылгалардын алкагында аткарылууда.

Эскерте кетсек, бул аба чубалгысы 1972-жылдары курулуп, 1974-жылы пайдаланууга берилген. Жалпы узундугу 80 чакырымды түзөт, 252 даана электр мамычадан турат. Анын 181 даанасы анкердик электр мамычалар. Чубалгы Кара-Көл шаарынын жана Ноокен, Базар-Коргон райондорунун аймактарында жайгашкан.

Пикир

Оставить комментарий