• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

«Манас» аэропортунда «Асманда учуу – менин хоббим» аттуу сүрөт көргөзмөсү ачылды

Коом 0

Бишкек, 09.06.21. /Кабар/. Борбор калаанын аэропортунда авиациялык сүрөттөрдү сүйүүчүлөрдүн 2021–жылдын 9–майында өткөрүлгөн споттинг-конкурсунун мыкты сүрөттөрүнүн көргөзмөсү ачылды.

«Асманда учуу – менин хоббим» экспозициясы «Манас» эл аралык аэропорту» ААКнын түзүлгөндүгүнүн 20 жылдыгына арналган, - деп билдиришти аэропорттун басма сөз кызматынан.

««Манас» аэропорту мындай иш-чараларды ар дайым өткөрүп турат. Анда катышуучулар аэропорттун тилке жолдорунда жана учак токтоочу жайларда, учактын учуу – конуу учурларын сүрөткө тартууга жана аэропорт кызматтарынын иш алпаруу тартибин өз көзү менен көрүүгө уникалдуу мүмкүндүк алышкан», - деп айтылат маалыматта.

Көргөзмө АВК2 аэровокзал комплексинин үчүнчү кабатында жайгашкан.

Пикир

Оставить комментарий