• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

“Манас” аэропортунда туманга байланыштуу бардык каттамдар жылдырылды

Коом 0

Бишкек, 16.02.18. /Тумара Туратбекова – Кабар/. “Манас” аэропортунда калың тумандын айынан бардык каттамдар жылдырылды. Бул тууралуу “Манас” Эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жүргүнчүлөрдү каттоо жүрүп жатат бирок каттамдар жылдырылды.

Бир нече борттор Ош жана Алматынын кошумча аэродромуна жөнөтүлдү.

Каттамдар тууралуу маалыматты төмөнкү телефон аркылуу байланышып билүүгө болот: 0312 69 31 09, 0312 69 30 09.

Пикир

Оставить комментарий