• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Манас Арабаев Раиса Атамбаевага каршы көрсөтмө берди

Укук тартиби 0

Бишкек, 03.07.19. /Кабар/. Президенттин аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы башчысы Манас Арабаев Раиса Атамбаевага каршы көрсөтмө берди. Бул тууралуу КТРКнын журналисттеринин иликтөөсүндө айтылат.

"Экс-президенттин жубайына карата көрсөтмө берип жатам. 2016-жылы БЛС курулуш компаниясынын ишин кароо учурунда ал бир нече жолу көшөргөн түрдө жолугушууну суранып, талап кылды. Бул жолугушуулар болду. Бул жолугушууларга башка адамдар да катышкан. Жолугушуулардын биринде анын уулу Раис да болгон. Бул жолугушууларда экинчи инстанцияда соттук ишти чечүүгө көмөктөшүүнү өтүнүшкөн", - деген ал.

Ошондой эле Арабаев, Атамбаева ага смс жазганын айткан.

"Анда ал жолугушууну, белгисиз адамдарды кабыл алууну талап кылат. Ал адамдар түздөн түз бул ишти чечүүгө катышкан.

Эскерте кетсек, УКМКнын маалыматы боюнча Арабаев бир катар коррупциялык кылмыштарга шектелүүдө. Анын ичинде чет элдик инвесторлордун ишкер объектилерин рейдердик жол менен тартып алган бир катар кылмыштуу топтордун кызыкчылыгын коргоп кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айтылат.

Пикир

Оставить комментарий