• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

УКМК: Базар-Коргон райондук көзөмөл-текшерүү кызматынын башкы инспектору кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 19.05.22. /Кабар/. Базар-Коргон райондук көзөмөл-текшерүү кызматынын башкы инспектору пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 18-майда 15 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан жеринен Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын Базар-Коргон райондук көзөмөл-текшерүү кызматынын башкы инспектору С.Ч.А. кармалды.

Аталган жаран Базар-Коргон районунун тургунунан жеке менчик аймактагы жашыл аянтчаларды мыйзамсыз кыюу фактысын жашыргандыгы үчүн, ошондой эле материалдарды укук коргоо органдарына өткөрүп берүүнү жана андан ары соттук териштирүү болорун айтып, коркутуу жолу менен опузалап 50 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылган.

Аталган факты боюнча Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгүндө (“Пара талап кылуу”) боюнча каралган кылмыштын негизинде иш козголгон.

Кармалган жаран Базар-Коргон районунун ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий