• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

УКМК: «Хизбут-Тахрир» диний экстремисттик уюмунун мүчөлөрү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 02.03.20. /Кабар/. Кыргызстанда тыюу салынган «Хизбут-Тахрир» диний экстремисттик уюмунун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен (УКМК) билдиришти.

УКМКдан белгилешкендей, «Хизбут-Тахрир» диний экстремисттик уюмунун мүчөсү болгон Кыргызстандын эки жараны – 27 жаштагы К.Э.М., 25 жаштагы Ш О.у. жана коңшу мамлекеттин жараны 34 жаштагы Ю.Р.О. кармалган.

«Жашаган жерин тинтүүдө диний китептер, аудио жана видео аппаратуралар табылып, тиешелүү экспертизага жөнөтүлдү», - деп билдиришти УКМКдан.

Бул факт боюнча материалдар КР Кылмыш кодексинин 313-берене (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу) жана 315-беренелери (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынган.

Кармалган адамдар УКМК Тергөө абагына камакка алынган. Тергөө иштери жүрүп жатат.

Маалымат үчүн: «Хизбут-Тахрир аль-Ислами» диний экстремисттик тобу 2003-жылдын 20-августунда КР Жогорку сотунун токтомуна ылайык экстремисттик деп табылып, КР аймагында анын ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.

Пикир

Оставить комментарий