• 87
  • 91.29
  • 0.84

"Манас" бажысынын кызматкерлери бажы мыйзамын бузуу фактысын аныктады

Коом 0

Бишкек, 08.02.23. /Кабар/. "Манас" бажысынын кызматкерлери тарабынан бажылык тариздөөгө мониторинг жана талдоо жүргүзүү учурунда бажылык укук бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, А.С. ЖЧКнын дарегине ИЛ-76ТД аба кемеси товары ташылып келинген жана убактылуу ташып келүүнүн (кирүүнүн) бажы жол-жобосуна жайгаштырылган, ташып келүү мөөнөтү 2022-жылдын 31-декабрына чейин белгиленген.

ЕАЭБдин Бажы кодексинин 221-беренесинин 4-пунктуна ылайык, бажы органы тарабынан белгиленген убактылуу ташып келүү бажы жол-жобосун колдонуу мөөнөтү жактын арызы боюнча бул мөөнөт аяктаганга чейин же бул бажы жол-жобосун колдонулуу мөөнөтү аяктагандан кийин 1 айдан кечиктирбестен узартылышы мүмкүн.

Бирок бүгүнкү күндө А.С. ЖЧК тарабынан убактылуу ташып келүүнүн бажы жол-жобосунун мөөнөтү узартылган эмес жана башка бажы процедурасы тандалган эмес. Ошентип, бажы төлөмдөрүнүн суммасы 1 002 433 сомду түздү.

Бул факты каттоого алынып, материалдар КР мыйзамдарында белгиленген тартипте кароо жана чечим кабыл алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий