• 87
  • 90.44
  • 0.86

“Манас” бажысынын жаңы административдик имаратынын курулушу башталды

Коом 0

Бишкек, 24.12.24. /Кабар/. “Манас” эл аралык аэропортунун аймагында “Манас” бажысынын жаңы административдик имаратынын курулушуна капсула салуу аземи өттү.

Иш-чарага Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков, "Кыргызстандын аэропорттору" ААК башкармалыгынын төрагасы Манас Самидинов, "Бажы инфраструктурасы" мамлекеттик ишканасынын директору Талант Жаманаков, бажы кызматынын ардагери Карыбай Кемелбаев жана бажы органдарынын жетекчилери катышты.

Самат Исабеков өз сөзүндө жаңы административдик имараттын курулушу бажы кызматынын эффективдүүлүгүн жогорулатууга багытталганын жана улуттук экономиканын артыкчылыктуу багыттарына жооп берерин баса белгиледи.

"Манас бажысы жыл сайын республиканын экономикасына салым кошуу менен мамлекеттик бюджетти толтурууда чоң роль ойноп келет. 2024-жылдын январь-ноябрь айларында бажы төлөмдөрүнүн көлөмү 5 230,9 млн сомду түзүп, пландык көрсөткүчтөн ашкан. Бажы тармагында кылмыштуулук менен күрөшүүдө жакшы жыйынтыктар бар. Жаңы административдик имарат заманбап технологияларды киргизүүгө, кызматкерлер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө жана эл аралык стандарттарга жооп берген кызматтарды көрсөтүүгө мүмкүндүк берет", - деп белгиледи ал.

Белгиленгендей, эки кабаттуу жаңы административдик имарат заманбап талаптарга жооп берет. Объекттин курулушун 2025-жылдын март айында бүтүрүү күтүлүүдө. Ал бажы көзөмөлүн жакшыртууга, процедураларды тездетүүгө жана тышкы экономикалык ишмердүүлүктү колдоого багытталган бажы инфраструктурасын стратегиялык өнүктүрүүнүн бир бөлүгү болуп калат.

Ошондой эле долбоорду ишке ашыруу “Манас” бажысынын потенциалын бекемдеп, мамлекеттик бюджетке бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүн камсыздоодо анын ролун жогорулатат.

Пикир

Оставить комментарий