• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Бишкекте Ахматбек Сүйүмбаевге арналган дубал сүрөтү пайда болду

Коом 0

Бишкек, 26.12.23. /Кабар/. Бишкектин Чүй проспектиси менен Сүйүмбаев көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан турак жайдын дубалында Ахматбек Сүйүмбаевге арналган мурал пайда болду.

Муниципалитеттен билдиришкендей, мурал мамлекеттик ишмер, Кыргыз ССР Министрлер советинин төрагасы, Кыргыз Республикасынын Баатыры Ахматбек Сүйүнбаевдин элесин сактоо максатында тартылды. Демилге Ахматбек Сүйүмбаевдин балдарынын жана башка демөөрчүлөрдүн колдоосу менен ишке ашты.

Ачылыш аземге Свердлов районунун акиминин биринчи орун басары Кубанычбек Айтакунов катышты.

Пикир

Оставить комментарий