• 87.32
  • 94.96
  • 0.98

Баткенде жоопкерчиликке тартылган 18 милиция кызматкеринин блогердин ишине тиешеси жок

Коом 0

Бишкек, 23.05.22. /Кабар/. Баткен облусунда жоопкерчиликке тартылган 17 милиция кызматкеринин блогер Батмакан Жолболдуеванын ишине тиешеси жок. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 23-майда КР Акыйкатчы институтуна шилтеме берүү менен айрым маалымат агенттиктер “блогер Батмакан Жолболдуеванын укугун бузган Баткен райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерине сөгүш берилип, бир кызматкер кызматынан бошотулду” деген таризде маалымат чыккан.

Буга байланыштуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы төмөнкүлөрдү билдирет:

"Баткен ОИИБдин жетекчилигинин тапшырмасы менен облустук милициядан түзүлгөн топ Баткен райондук ички иштер бөлүмүнүн ишмердүүлүгүн жана убактылуу кармоочу жайдын абалын текшергенде ал жерде мыйзамсыз сакталган буюмдар табылган.

Бул багытта башкармалыктын ички иликтөө кызматы кызматтык иликтөө жүргүзүп, 2022-жылдын 15-апрель күнү корутунду чыгарган. Жыйынтыгында Баткен РИИБдин 18 кызматкери тартиптик жазага кириптер болуп, анын ичинен бир кызматкер ээлеген кызматынан бошотулган.

КР Акыйкатчы институту тараткан билдирүүдөгү Батмакан Жолболдуеванын үстүнөн козголгон кылмыш ишине тартиптик жазага кириптер болгон Баткен РИИБнүн кызматкерлеринин тиешеси жок".

Пикир

Оставить комментарий