Санариптик өнүктүрүү министрлиги: Паспорт эч качан такси кызматы аркылуу жөнөтүлбөйт

Коом 0

Бишкек, 26.12.23. /Кабар/. Паспорт эч качан такси кызматы аркылуу жөнөтүлбөйт. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирет.

Белгилей кетсек, интернет желесинде видео тарап, анда автор Кыргызстандын жарандарынын ID-карталарын даректерине жеткирип жүргөндүгүн айткан.

Ведомстводон бул видео эки жыл мурда тартылгандыгын айтышты.

"Видеодо көрсөтүлгөн паспорттор жараксыз жана берилген паспорттордун реестринде жок. Эскерте кетсек, паспорт алуу үчүн документтер бир гана Калкты тейлөө борборлорунда, Калкты каттоо департаментинин аймактар ​​аралык бөлүмдөрүндө, ал эми чет жакта жүргөн КР жарандары үчүн - Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринде заманбап Face ID технологиясы аркылуу кабыл алынат. Паспорт жеке арыз ээсине же анын мыйзамдуу өкүлүнө нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн ишеним кат менен гана берилет. Документтер эч качан такси кызматы аркылуу жөнөтүлбөйт", - деп түшүндүрүштү ведомствонун басма сөз кызматынан.

Пикир

Оставить комментарий